24.kg
09:47, 29 ноября 2019, 24.kg

Ботулизмдин токсиндери «Дар земли» өндүргөн маринаддалган бадыраңдардан табылды

Ботулизмдин токсиндери «Дар земли» ЖЧК өндүргөн маринаддалган бадыраңдардан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ноябрда ботулизм менен жабыркаган бейтап каттоого алынган.

2018-жылдын июлунда «Дар земли» ЖЧК өндүргөн маринаддалган бадыраңдар кооптуу деп табылды.

Лабораториялык изилдөөдө бадыраңдардан ботулизмдин токсиндери аныкталды. Буга өндүрүш маалында технологиялык процесстин бузулгандыгы себеп болушу ыктымал.

"Өндүрүшчүгө карата чаралар көрүлүп, соода түйүндөрүнөн калган продукцияларды алып салуу боюнча санитардык билдирүү берилди.

Маалыматка таянсак, жыл башынан бери өлкөдө ботулизм менен ооруган 43 учур катталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18