24.kg
17:55, 28 ноября 2019, 24.kg

Бишкектеги үч тез татым жайларына 7,5 миң сомдон айып салынды

Мамлекеттик экотехинспекциянын аймактар аралык башкармалыгы Бишкектеги тез татым жайларындагы өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча пландан сырткары текшерүү жүргүздү.

Текшерүү иштери Экономика министрлиги менен макулдашылган.

Шаардагы Горький менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабаган жайлар аныкталды. Алар баллон газын колдонуп жатышкан. Маалыматка ылайык, «Замзам», «Антошка» жана «Ханбургер» тез татым жайларына 7,5 миң сомдон айып салынып, протокол түзүлдү. Ошондой эле баллондорго мөө басылып, аталган жайлар жабылды.

Эске салсак, 8-ноябрда Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болгон. Анда 13 адам ар кандай жаракат алып, кафенин бир кызматкери каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18