24.kg
16:52, 28 ноября 2019, 24.kg

ЖЭБ боюнча сот. Ольга Лаврова жарыш сөздө сүйлөөдөн баш тартты

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди.

Мурунку каржы министри Ольга Лаврова жарыш сөздө сүйлөөдөн баш тартты. Ал жактоочусунун айткандары менен макул экендигин билдирди. Эске салсак, Дастан уулу Уландын айтымында, Ольга Лаврова профилдик мекеменин башчысы болуп турганда, «Эксимбанк» менен насыялык келишимге кол коюп жатканда болгону ал өз милдетин аткарган.

Мурунку министрдин жактоочусу аны кылмыштын курамында жок болгондугу үчүн актоону суранды.

Мамлекеттик айыптоочулар мурунку министрди 7 жарым жылга эркинен ажыратууну суранышкан.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Модернизациялоо иши 2014-жылы башталган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18