24.kg
15:18, 28 ноября 2019, 24.kg

Бишкекте катуу сууктан үй-жайы жок 3 киши тоңуп каза болду

Бишкекте катуу сууктан үй-жайы жок 3 киши тоңуп каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы 10 күн аралыгында Тез жардам борборунун кызматкерлери көчөдө калган 11 кишини алып кеткен. Алардын баары медицина мекемелерине жана баш калкалоочу жайларга жеткирилди.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна 25-26-ноябрь күндөрү үй-жайсыз 12 кишинин сөөгүн алып келишкен. Алардын үчөө гана тоңуп өлгөнүн министрлик ачыктады. Калгандарынын өлүмүнө башка нерселер себеп болгону айтылууда.



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18