24.kg
14:48, 28 ноября 2019, 24.kg

Дамирбек Асылбек уулу жазасын Молдовановкадагы № 27 түзөтүү колониясында өтөйт

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу жазасын Молдовановкадагы № 27 түзөтүү колониясында өтөйт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда аткезчилик үчүн айыпталган мурунку депутат № 1 тергөө абагында кармалууда. Ал кийинки пландык этапты күтүп жатат. «Чечим кабыл алынды, ал Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясына, калган эки шериги Петровкадагы № 8 түзөтүү колониясына бөлүштүрүлдү», — деп билдиришти ЖАМКтан.

Буга чейин Алматы соту тарабынан аткезчилик үчүн соттолгон мурунку депутат Асылбек Дамирбек уулу Кыргызстанга алынып келинген болчу.

Эске салсак, буга чейин Алматынын аппелляциялык соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин карап чыгып, өкүмдү күчүндө калтырган. Ал «трансулуттук уюшкан топту түзүү жана башкаруу» жана «экономикалык аткезчилик» боюнча айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучулардын аракетинин жыйынтыгында Казакстандын мамлекеттик казынасы 99 миллион тенге чогулта албай калган.

Кошумчалай кетсек, Дамирбек Асылбек уулу менен бирге Казакстандын дагы 2 жараны- 39 жаштагы Уланбек Мурадилов жана 34 жаштагы Чыңгыз Абакиров айыпталууда. Сот аларды кылмыштуу топко катыштыгы бар деп күнөөлөгөн.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18