24.kg
13:40, 28 ноября 2019, 24.kg

Саймаитинин өлүмү. Депутаттык комиссиянын курамы өзгөрдү

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамы өзгөрдү. 

КСДП фракциясы курамдан чыккан Искендер Матраимовдун ордуна Автандил Кулбараковду киргизүүнү сунуштады. Мындай демилгени фракция лидери Иса Өмүркулов көтөрүп чыкты. Ал эми "Бир Бол" фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов өзүнүн ордуна Жаныбек Бакчиевди көрсөттү.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP жарыялады. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын, ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимов акча алып турганын айткан. 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18