24.kg
11:52, 28 ноября 2019, 24.kg

Жыл башынан бери 145 миң 827 балага «сүйүнчү пул» төлөнүп берилди

Кыргызстанда жыл башынан бери 145 миң 827 балага «сүйүнчү пул» төлөнүп берилди. Бул тууралуу маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Айтымында, сүйүнчү пулдун жалпы суммасы 547 миллион сомду түздү.

«Азыркы тапта министрлик сүйүнчү катары берилген 4 миң сом акчаны алуунун механизмин жеңилдетип жатат. Эми балага «сүйүнчү пул» 2-3 күн ичинде төлөнүп берилет. Аны алууга баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ата-энесинин паспорту керектелет», -деди министр.

Ата-энелер бул үчүн Калкты тейлөө борбору, никени каттоо бөлүмдөрүнө жана маалымат күркөлөрүнө кайрыла алат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18