24.kg
11:29, 28 ноября 2019, 24.kg

ЖЭБ боюнча сот. Жантөрө Сатыбалдиев күнөөнү мойнуна алган жок

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Бүгүн мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сөзүн улантат.

Айтымында, тергөө калыс болбой, ишти иликтөөдө үстүртөн гана мамиле кылынды. Ошондой эле баардык жагдайлар майда-чүйдөсүнө чейин изилденген эмес. 

Ал күнөөнү мойнуна албай турганын айтты. «Мен өлкө үчүн уялам. «Нью-Йорк Таймс» гезити Кыргызстанда мурунку өкмөт башчыларын саясий мотив менен соттоп жатышат деп жазыптыр. Менин абийирим өлкө алдында, балдарым жана неберелеримдин алдында таза. Сиздин адилеттүүлүгүңүзгө да үмүттөнөм», — деди ал.

Эске салсак, кечээ прокурор Марат Кулжабаев экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18