24.kg
09:39, 28 ноября 2019, 24.kg

«Республика» партиясы 2020-жылдагы шайлоого өз алдынча катышат

«Республика» партиясы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого мурунку тандеми - "Ата-Журт" партиясы жок эле өзү катышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине "Республика- Ата-Журттан" билдиришти.

Республикачылардын айтымында, съездди ушул жылдын аягында өткөрүү пландалган, бирок эми мөөнөтүн жылдырып коюшту. Форумга чогулуу датасы талкууланууда. 

"Съездде партия кандай форматта шайлоого катыша тургандыгы расмий түрдө жарыяланат. Лидерлер тууралуу айтсак, Өмүрбек Бабанов ыйгарым укугун сактап калабы же жокпу өзү билдирет. Эгер партиянын башчысынын орду бошоп калса, 2 негизги талапкер бар. Алар- Руслан Казакбаев менен Мирлан Жээнчороев», — деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак,  «Ата-Журт» «Республикасы» жок эле 2020-жылы шайлоого өз алдынча бара турганын жарыялаган. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18