24.kg
16:53, 27 ноября 2019, 24.kg

ЖЭБ боюнча сот. Артыкбаевге айыппул салуу тууралуу өкүм чыгарууну суранышты

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди.

Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин күнөөсү иштин материалы жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденди.

Прокурорлор соттон Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом өлчөмүндө айып салуу тууралуу өкүм чыгарууну, ошондой эле мурунку министр чыгымдын бир бөлүгүн төлөп бергенин эске алууну суранышты.

Эске салсак, мамлекеттик айыптоочу мурунку премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.  

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18