24.kg
16:35, 27 ноября 2019, 24.kg

Түркияда сойкулук менен алектенген аялдар кармалды. Арасында кыргызстандык бар

Түркияда сойкулук менен алектенип жүрөт деген шек менен 2 чет элдик аял кармалды. Бул тууралуу түркиялык ЖМК жазды.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири кыргызстандык экени айтылат.

«Черкезкөй шаарында полиция сойкулукка каршы иш-чара жүргүзүп, 3 кишини кармаган. Алардын бири кыз-келиндерди сатып жүргөн ортомчу болуп чыкты. Калган экөөнүн бири кыргызстандык, экинчиси өзбекстандык жарандар», — деп айтылат маалыматта.

Ортомчу болгон жаран «Сойкулук, ортомчулук кылуу жана мажбурлоо» беренеси боюнча айыпталып камакка алынды. Ал эми берки экөө өз мекенине депортация кылуу үчүн миграция кызматына өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18