24.kg
16:19, 27 ноября 2019, 24.kg

Бишкекте жаңы эс алуу жайы курулат

Бишкекте Манас жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы эс алуу жайы курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Шаардыктар жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү курулуш боло турган жайга капсула салышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эс алуу жайынын долбоорун бишкектиктер өздөрү коомдук талкууда аныктап чыгышкан.

Жалпы аянты 7,4 гектарды түзгөн жайда спорттук комплекс, балдар үчүн аянтча, унаа токтотуучу жай, ачык талаа жана коомдук даараткана орнотулат. Эс алуу жайына 300 бак отургузулмакчы.

Паркты жасоо иштерин «Орус курулуш компаниясы» колго алат. Ага 58 миллион сом коройт. Эс алуу жайы толугу менен 2020-жылдын жайында даяр болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18