24.kg
11:26, 27 ноября 2019, 24.kg

Раиса Атамбаевага жолдошу менен жолугушууга уруксат беришти

Раиса Атамбаевага жолдошу менен жолугушууга уруксат беришти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи май райондук соту Раиса Атамбаеванын суранычын канааттандырып, камактагы күйөөсү менен жолугушууга уруксат берди.

Жактоочулардын билдирүүсүндө, мурунку мамлекет башчы өзүн жакшы сезүүдө. Кармоо шарттарына карата эч кандай нааразы эмес. Мурункудай эле көп китеп окуп, спорт менен машыгып жатат.

Сот мурунку президенттин жубайынын суранычын аткарганы менен, Кадыр Атамбаевдин атасы менен жолугушуусуна уруксат бербей койгон.

Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18