24.kg
09:17, 27 ноября 2019, 24.kg

Осмонбек Артыкбаевдин туугандарынын жылдык кирешеси 28 миллион сомду түздү

Салык кызматы 2018-жыл үчүн декларациялык кампанияны аягына чыгарып, анын жыйынтыгын жарыялай баштады. 

Депутат Осмонбек Артыкбаев жемкорлукка айыпталып УКМКнын тергөө абагында жатат. Ал Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип күнөөлөнүүдө. Бирок депутатка айлык кошулуп жатат. Былтыр ал 292 миң 91 сом иштеп тапкан. Мурунку энергетика министринин өз үйү жана унаасы жок. Анын жеке фонддо 100 пайыздык уставдык үлүшү бар.

Осмонбек Артыкбаевдин туугандарынын жылдык кирешеси 28 миллион 784 миң сомду түздү. Аларда батир жана үй көрсөтүлгөн эмес, капиталдык курулуштар жана бакча жери жазылган. Мындан тышкары алардын менчигинде 420 миң сом суммасында зер буюмдары, «Лексус 460» унаасы жана «Ак Илбирс лимитед» ЖЧКда 100 пайыздык активдери бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18