24.kg
15:45, 26 ноября 2019, 24.kg

Жалал-Абадда уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Жалал-Абад шаарында уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Ушул жылдын 24-29-октябрь күндөрү ШИИББге 7 киши арыз менен кайрылып, ар түрдүү суммадагы буюмдарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин айтышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө уурулуктун кесепетинен жабырлануучуларга жалпы суммасы 170 миң сомдук материалдык чыгым келтирилгени аныкталды.

Кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1983-жылы туулган тургуну Н.А. жана Жалал-Абад шаарынын 1991-жылы туулган тургуну И.Х. кармалды. Алар күнөөнү моюндарына алышты.



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18