24.kg
14:52, 26 ноября 2019, 24.kg

Эртең абанын температурасы кескин төмөндөйт

Эртең абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…-7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…-9 градус суук болушу күтүлөт.

"Ысык-Көлдө жана Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 градус суук болушу ыктымал. Тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -5…-10, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус суук болот", - деп айтылат маалыматта.



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18