24.kg
14:55, 26 ноября 2019, 24.kg

Өмүрбек Текебаев: Реэкспортту калкалаган жемкорлук дагы эле уланууда

Кыргызстанда реэкспортту калкалаган жемкорлук дагы эле уланууда. Бул тууралуу "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерге билдирди. 

Анын пикиринде, Кыргызстанда баардык тармактарда жемкорлук бар. 

"Кыргызстандын валютасынын бекемдигинин бир нече себеби бар. Алар - баңгизат соода жүгүртүгү, мигранттардан которулган акча жана реэкспорт. Реэкспорт бажы, УКМК жана башка органдардын кызматкерлери тарабынан коррупциялашып, калкаланып келген. Бул азыр дагы эле уланууда", - дейт ал.  

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP жарыялады. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын, ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимов акча алып турганын айткан.  

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18