24.kg
14:42, 26 ноября 2019, 24.kg

525 миң сомдук жылкылары бар. Тилек Матраимовдун декларациясы табылды

Салык кызматы Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун (Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы) декларациясын издеп таап чыкты.

Салык кызматы 2018-жыл үчүн декларациялык кампанияны аягына чыгарып, анын жыйынтыгын жарыялай баштады.

Маалыматка караганда, "Саясий муниципалдык кызматтар" бөлүмүндө (шаар жана район башчыларынын кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн бөлүм) Тилек Матраимовдун декларациясы жок болуп чыккан. 

Photo 145274

Буга чейин Салык кызматы 24.kg агенттигине Кара-Суунун акими форманы туура эмес толтурган болушу мүмкүн деп түшүндүргөн. Ушуга байланыштуу автоматташтырылган система маалыматты иштеп чыга алган эмес. 

Бирок издеп жатып декларацияны табышты. Тилек Матраимовдун отчету "Саясий" бөлүмүндө (президент, өкмөт башчы, төрага жана орун басарлары, министрлер жана башка мекемелердин жетекчилеринин кирешелери, чыгашалары тууралуу маалымат көрсөтүлгөн бөлүм) орун алып калган.

Эмне себептен акимдин декларациясы башка бөлүмдөн орун алып калды деген суроого, салык кызматы Тилек Матраимов өзү кызматын туура эмес жазып алган же кызматкерлер алмаштырып алышкан деген жоопту айтышты. 

Кара-Суу районунун акиминин менчигинде 900 чарчы метрлик чоң үй жана 0,59 чарчы метрлик жер аянты бар. Анын 500 миң сомдук кичи мүйүздүү малы, 525 миң сомдук жылкылары бар. Унаасы көрсөтүлгөн эмес.

Тилек Матраимовдун жакындарында 165,5 жана 52,93 чарчы метрлик 2 батири, 150,4 чарчы метрди түзгөн дачалык үйү, 1,2 чарчы метрди түзгөн жер аянты бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18