24.kg
13:41, 26 ноября 2019, 24.kg

Factcheck.kg: Алмазбек Атамбаевдин Хабибулла Абдукадыр менен түшкөн сүрөтү анык

Мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин Хабибулла Абдукадыр менен түшкөн сүрөтү монтаждалган эмес. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Factcheck.kg билдирди.

Factcheck.kg айтымында, сүрөттү анализдеп чыгып, эч бир монтаждоонун белгилерин табышкан эмес. 

"Сүрөттү ар кандай анализден өткөрдүк. Бирок, эч бир монтаж белгилери табылган жок", - дейт Factcheck.kg.

Photo 145266

Белгилей кетсек, социалдык тармактын колдонуучуларын сүрөттө Алмазбек Атамбаевдин мойну, курсагы жана колу күмөн жараткан. Эгер Атамбаевдин сүрөттөрү мене салыштырууда мойну өзүнүкү экендигин байкоого болот. 

"Азаттык" радиосунун иликтөөсүндө  Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити Кыргызстандан которгон акчаларды Хабибулла Абдукадырдын буйругу менен ишке ашырганын айткан.  Андан тышкары, Хабибулла Абдукадыр Дубайда Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Турдуаева менен бирге көп кабаттуу үй куруп жатканы белгиленген. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18