24.kg
11:57, 26 ноября 2019, 24.kg

Декларациялык кампания-2018. Тилек Матраимовдун отчету жок болуп чыкты

Салык кызматы 2018-жыл үчүн декларациялык кампанияны аягына чыгарып, анын жыйынтыгын жарыялай баштады.

Бирок Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун (Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы) отчету маалымат базасында жок. 

Тилек Матраимов өзү 24.kg агенттигине Бирдиктүү салык декларациясын тапшырганын айтат. "Мен кантип тапшырбай коеюн? Баарын өз мөөнөтүндө тапшыргам", - деди ал. Аткаминер балким отчетту жоготуп алышкандыр деп божомолдоду. 

Салык кызматы 24.kg агенттигине Кара-Суунун акими форманы туура эмес толтурган болушу мүмкүн деп түшүндүрдү. Буга байланыштуу автоматташтырылган система маалыматты иштеп чыга алган эмес. 

Райымбек Матраимовдун декларациясына байланыштуу ушундай эле таң калыштуу жагдай болду. Анын 2017-жылдагы декларациясын кол менен жазып чыгарышты. 

Болгону депутат Искендер Матраимов —декларацияны туура толтурган.

Эске салсак, Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу маалыматтар дал келбей жатат. Салык кызматы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурунку  аткаминер тууралуу маалыматы ар башка чыгууда. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18