24.kg
10:41, 26 ноября 2019, 24.kg

Москвада кыргыздар менен өзбектердин калайман мушташынын себеби аныкталды

Москвадагы Ефремов көчөсүндөгү калайман мушташ кокустан болгон эмес, жумушчулар (тазалык кызматкерлери) алдын ала сүйлөшүп алып чыгышкан. Бул тууралуу орусиялык ЖМК жазды.

Окуя болгонго чейин тараптар футбол ойношкону маалым болду. Беттеш учурунда оюнчулардын бири эреже бузуп, командалар кийинчерээк бул "учурду" талкуулайбыз деп сүйлөшүп алышкан. 

Жыйынтыгында ортодо пикир келишпестик орун алып, мушташа кетишкен.

Москвадагы ИИМдин шаардык башкармалыгынан билдиришкендей, мушташтын 10дон ашуун катышуучусу кармалды, калгандары изин жашырып качышкан.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18