24.kg
10:06, 26 ноября 2019, 24.kg

Саймаитинин өлүмү. Түркия зарыл болгон маалыматтарды Кыргызстандын ИИМине берет

Түркиянын полициясы Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды Кыргызстандын ИИМине берет. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев түркиялык кесиптеши Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө макулдашылды. 

ИИМден билдиришкендей, 25-ноябрда Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Түркиянын ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушкан. Анда бир катар маселелерди, анын ичинен Стамбулда жасалган кылмыш-Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышкан.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» иликтөөсүнүн экинчи бөлүгүн «Азаттык», Kloop жана OCCRP жарыялады. Анда Айеркен Саймаити Стамбулда октябрь айында жолугушуп, маек курганы айтылат. Бирок, Матраимовдорго тиешелүү «Исмаил Ата» фондуна которгон акчалар боюнча документтерди бере албай калгандыгы маалымдалат. Маекте Саймаити Кытайдан алынып келинген товарлар кыргыз бажысында арзан баада катталып өтүп турганын, ал үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасынын орун басары Раимбек Матраимов акча алып турганын айткан. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18