24.kg
14:03, 25 ноября 2019, 24.kg

Каракол шаарында жемкорлукка каршы митинг өттү. 15 киши чогулду

Каракол шаарында жемкорлукка каршы митинг өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев билдирди. 

Айтымында, нааразычылык акциясына 15 киши катышты.

«Буга чейин сот тарабынан тынчтык акциясын өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу токтом чыккан. Алгач биз обладминистрациянын имаратынын алдына чогулганбыз, андан кийин укук коргоочулар биздин жаныбызга келгенде жөө стадиондо бастык», - деди Азамат Айтбаев. 

Кечээ Караколдун мэриясы обладминистрациянын имаратынын алдында митинг уюштурууга тыюу салып, акцияны стадионго өткөрүүнү сунуштаган. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18