24.kg
12:16, 25 ноября 2019, 24.kg

Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митинги өтүп жатат

Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митинги өтүп жатат. Нааразычылык акциясы «Азаттыктын» Бажы тармагындагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүнө байланыштуу. 

Митингге 200дөн ашуун киши чогулду. Алар алгач гимнди аткарып, андан кийин Апрель ынкылабында каза болгондордун жаркын элесин эскеришти.

Акциянын катышуучулары Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду камакка алууну талап кылышууда. 

Акцияга Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев келди. Айтымында, ал жарандарды колдоо үчүн чыкты. «Мен бул акцияга жарандарды колдоочу депутат катары келдим. Эгер кишилер чөнтөккө кол салышса, алар жооп бериши керек деп эсептейм», - деди депутат. 

 

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18