24.kg
09:43, 25 ноября 2019, 24.kg

Иран бийлиги: Нааразылык учурунда 180 киши кармалды

Иран полициясы бийликке каршы нааразылык акциясы учурунда 180ден ашуун киши кармалганын билдирди. Бул тууралуу IRNA агенттиги кабарлады. Маалыматта кармалгандар демонстрациянын лидерлери экени айтылган.

Алар тартип сакчыларына кол салууга, имараттарды өрттөөгө жана Интернетте мыйзамсыз чакырыктарды жасооого айыпталууда.

Иранда ноябрдын ортосунан бери жапырт нааразылык өтүүдө. Көчөгө чыккандар коррупцияга, бензиндин баасынын көтөрүлүшүнө нааразы болуп жатышат. Полиция демонстранттарга күч колдонуп, көздөн жаш агызуучу газдын жардамы менен кууп таратууда.

Иран бийлиги нааразылыкка чыккандардын көбү Батыш өлкөлөрүнөн акча алган деп эсептейт. Amnesty International уюму демонстранттарды кууп таратуу учурунда 106 киши өлгөнүн билдирген. Иран бийлиги маалыматты четке кагууда. Өлкө Интернетке чектөө киргизген.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18