24.kg
18:08, 22 ноября 2019, 24.kg

Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык ыдык көрсөтүүгө туш болот

Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык ыдык көрсөтүүгө туш болот. Бул тууралуу Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясынын иликтөөсүндө айтылат.

Сурамжылоого катышкан аялдардын үчтөн экисинен көбү сексуалдык асылуу проблемасы бар экендигин мойнуна алып, ар бир төртүнчү аял жыныстык ыдыкка туш болгонун айткан.

Иликтөөдө ыдык көрсөтүүнүн 80 пайызы мамлекеттик мекемелерде болору маалымдалат.

Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясынын өкүлү Чынара Айдарбекованын айтымында, көп учурда сексуалдык асылууларга жаш келиндер жана кыздар дуушар болот. Алар элдин сөз кылуусунан коркуп, укук коргоо органдарына кайрылпайт.

«Аял кишилер башынан өткөргөн окуядан кийин өздөрүн алсыз сезишип, кемсинип, ишке болгон кызыгуусу жоголгонун айтышат», — дейт Чынара Айдарбекова.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18