24.kg
17:15, 22 ноября 2019, 24.kg

Сауд Арабиянын ханбийкеси жоголду. Анын үй камагында экендиги айтылууда

Photo 144885

Сауд Арабиянын экинчи падышасынын эң кичүү кызы Басма бинт Сауд бин Абдуллазиз Аль Сауддун кабарсыз жоголду.

Deutsche Welle (DW) басылмасынын билдирүүсүндө, Басма Бинт Эр-Рияда үй камагында. Аны жана анын бардык байланыш каражаттарын көзөмөл алдында кармагандыгына байланыштуу, ханбийке эч кандай маалымат бере албай келет.

Хан бийке Сауд королдугунун кызы катары гана эмес, коомдук активист катары да белгилүү. 2010-жылдан бери Лондон жана Арабияда жашаган. Ал өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна болгон көз карашын ачык билдирип, өзгөчө аялдар жана аларга болгон басмырлоого каршы күрөшүп келген.

Басма бинт бир нече укук коргоочу уюмдарынын башында турат.

Ал журналисттер менен дагы кеңири маектешип, көз карашын ачык билдирип келет. Сын пикирлери  Сауд Арабиянын аткаминерлерине жана мыйзамдарына багытталат.  

Deutsche Welle (DW) белгилүү болгон документтерге караганда, өткөн жылдын 18-декабрында ханыша шашылыш дарылануу үчүн Швейцарияга учушу керек болчу. Бирок анын учагы бир канча жолу кечиктирилген.

Photo 144886

Ханбийкенин жоголушуна биринчилерден болуп анын адвокаты Леонард Беннет көңүл бурган. Март айынан баштап, Басма бинттин Twitterдеги баракчасы колдонулбай калган. Бир канча убакыттан кийин анын үй камагында экендиги, улуу кызы менен учакка бара жаткан жеринен кармалганы маалым болду. 

Бийликтегилердин айтымында, дарылануу шылтоосу менен Басма бинт Европага качууну көздөгөн.

Ханбийке менен королдук үй-бүлө мүчөлөрү гана байланыша алат. Адвокатына бир жолу сүйлөшүүгө уруксат берилген.

«Ал баардык жактан жоголуп кетти. Каякта жүргөнүн эч ким билбейт. Алгач эң жаман нерсени ойлодук», — деди ал.

Буга чейин дагы Сауд Арабиянын, Бириккен араб эмираттарынын ханышалары, ханбийкелери өлкөдөн качып чыгуу аракетин көрүшкөн. Акыркы жолу Дубайдын башчысынын жубайы ханайым Хая Лондонго балдары менен качып кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18