24.kg
17:34, 21 ноября 2019, 24.kg

Гонконгдо казакстандык студент кармалды

16-ноябрда Гонконгдогу нааразылык акциялар маалында жергиликтүү окуу жайда окуган казакстандык студент Абилкаир Нукпи кармалган. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалган студент менен жолуккан казак конусулу анын абалы жакшы экенин билдирди. Кармоо маалында студенттин оң чыканагы бир аз сыйрылган.

Анын иши боюнча алгачкы соттук угуу 20-ноябрда башталган. Учурда дипломаттар ага адвокат издеп жатышат.

Bloomberg агенттигинин кабарчысы Аарон Мак Николас «Твиттер» баракчасына казакстандык студент колуна күйүүчү май куюлган бөтөлкө көтөрүп жүргөнүн жазган. Гонконг полициясы 16-ноябрда студенттер тарабынан кармалып турган «Баптист» университетинин имаратына кирип барып, андагы адамдарды, анын ичинде казакстандык студентти кармаган.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Гонконг полициясы казак студентин күрөөгө бошотууга макул болгон эмес.

Буга чейин Казакстан ТИМи Гонконгдо окуп жүргөн студенттерге мекенине кайтып келүүнү сунуштаган. 18-ноябрга карата Казакстанга 118 студент кайтып келгени, дагы 48 студенттин жакынкы күндөрү келе тургандыгы кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18