24.kg
16:48, 21 ноября 2019, 24.kg

Алтынбек Сулайманов: Мени Айэркен Саймаити менен байланыштыруу аракети жүрүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов социалдык тармактагы ага байланышкан видеолорго карата пикирин билдирди.

Депутат уйгур ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык топ түзүп, иликтеп чыгууну сунуштады. Анын айтымында, элдер азыр укук коргоо органдарына ишенбейт.

«Саймаити кыргыз паспортун кантип алган? Ал ким менен жакын болгон? Ким менен душман болгон? Мына ушул маселелерди так аныктап чыгуу керек. Азыр айрым күчтөр өздөрүнөн назарды буруу үчүн ар кимди каралоо аракетин көрүүдө. Булардын бул ыкмасы эртең эле өздөрүнө каршы иштейт», — деди Алтынбек Сулайманов.

Белгилей кетсек, интернетте Алтынбек Сулаймановдун деңиз үстүндөгү эс алуусунун видеосу жарыяланган. Анда Алтынбек Сулайманов Ошто2014-жылкы талап-тоноодон кийин ийгиликти белгилеп жатканы айтылат. Ал тоноо Айэркен Саймаитинин дагы тиешеси бар экени маалымдалат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18