24.kg
16:23, 21 ноября 2019, 24.kg

5-класстын окуучусу пара алууга айыптаган медайымга сөгүш жарыяланды

№ 87 мектептин медайымына сөгүш жарыяланды.ю Бул тууралуу 24.kg агенттигине мектептин директору Жаныл Исанова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин медайымга даттануу болгон эмес.

«Биз ал өзүнүн иши үчүн акча талап кылып жатканын билген эмесмин. Бүгүн № 14 бейтапкананын жетекчилиги сөгүш жарыялады», — дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңеште Балдар укугу боюнча конвенциянын 30 жылдыгына карата депутаттар жолугушууда № 87 мектептин окуучусу медайым балдарды эмдөөдө акча талап кыларын айткан. Бирок, окуучу кыз залдын реакциясына сүрдөнүп, ыйлап жиберген.

24.kg агенттиги ал кыз Дурдана Садыкова экендигин, 5-класста окуурун аныктады.

Photo 144698

«Дурдана бүгүн сабакка келди. Ага эч ким кысым көрсөткөн жок. Апасы кызынын кечээ парламентте ыйлап жибергенин билип, эми эч жакка жибербешин айтууда», — дейт директор.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18