24.kg
13:11, 21 ноября 2019, 24.kg

«Манас» аэропортунда сөөгү табылган ишкер менен Саймаитинин байланышы жок

«Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайдагы унаанын багажында табылган Хусан Каримов акча ташып иштечү. Бул тууралуу маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Ички иштер министринин орун басары ЖМКда Каримов ишкер болгондугу тууралуу маалымат айтылып жаткандыгын билдирип, бирок бул маалымат тактала электигин айтты. Ал анын Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаити менен байланышын дагы четке какты. 

«Хусан Каримов акча каражаттарды ташып иштечү. Ким акча берип жаткандыгы аныктала элек. Алынган акча каражатынын жалпы суммасы 100 миң доллардан ашыгын түзгөн. Бул акчанын баары мыйзамсыз ташылган», — дейт Каниметов.

Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Нурбек Абдиев, интернет тармагында акча салынган баштыкты көтөргөн эркек кишинин видеосу тараганын айтат.

«Бүгүнкү күндө анын окуяга катыштыгы бардыгы аныкталып, кармалган. Учурда ал окуяга тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө», - деп белгилеп өттү Абдиев.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 23-октябрында «Манас» аэропортунун унаа токтоочу жайында «Хонда-Торнео» үлгүсүндөгү унаанын багажынан 30 жаштагы К.Х.А., аттуу Чүй облусунун тургунунун сөөгү табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18