24.kg
13:07, 21 ноября 2019, 24.kg

Мамлекет диний чөйрөнү тескөөдө ролун күчөтөт

«Мамлекет өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген көрүнүштөргө жол бербейт», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү коомдун тынчтыгын камсыз кылууну мамлекет өз мойнуна алгандыгын, учурда көп сандаган жаңы агымдар, секталар, мазхабдар жана тарикаттар пайда болгондугун айтып, мамлекеттин ролун күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Диний себептер менен бөлүнүп — жарылууга, диний сабырсыздыкка, албетте, диний экстремизмге тыюу салынат. Өлкөбүздүн тынчтыгын, коомубуздун биримдигин — мамлекет бардык зарыл болгон каражаттарды колдонуу менен коргойт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекеттин диний чөйрөнү тескөө иштери мындан активдүүрөөк болорун белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18