24.kg
12:40, 21 ноября 2019, 24.kg

Казакстанда дарыгер мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталууда

Казакстан ИИМи Чымкент шаардык № 1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абылай Донбайдын кармалганын жарыялады.

Мекеменин билдиришинче, ал иштеген ооруканада акчага муктаж Өзбекстан, Кыргызстан жана Украина жарандарынын бөйрөгү башка бейтаптарга, негизинен Израиль жарандарына мыйзамсыз түрдө салынып келген.

Операциялар 2017-2018-жылдары жасалган. ИИМ бул схеманын уюштуруучулары чет мамлекеттердин жарандары экенин билдирди.

Донбай Абылай Кылмыш Кодексинин «Трансулуттук кылмыштуу топтун ишине катышуу», «Кишинин органдарын мыйзамсыз алуу» беренелери боюнча айыпталууда. Буга чейин дагы бир казакстандык трансплантолог Гани Куттымуратов жана кыргызстандык Тайсалова Б. Т аттуу жаран кармалганы кабарланган. Казакстан ИИМи аны «кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири» деп атоодо.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18