Аксыда өспүрүм кыздар мушташты
Аксы районунун Жаны-Жол айылындагы № 10 Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздары мушташты. Бул тууралуу райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-ноябрь күнү болжол менен саат 17-30 чамаларда кыздары арасында пикир келишпестиктен улам жаңжал чыккан. КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси «Ээнбаштык» менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Учурда мушташтын себеби жана окуянын жагдайлары такталууда.