24.kg
11:18, 20 ноября 2019, 24.kg

УКМК: Кылмыш далили болгон 200 миң доллар жоголгон эмес

УКМК кылмыш далили болгон 200 миң доллардын жоголгонун четке какты. Бул тууралуу мекеменин расмий билдирүүсүндө айтылат.

Мекеменин маалыматында, Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдакы башчысы Улан Чалбаевдин пара алуу боюнча кылмыш ишинин алкагында алынган акча каражаты мамлекетке киреше катары алынып, бул боюнча токтом менен чечим чыгарылган.

«Буга байланыштуу УКМК 200 миң АКШ доллары жоголгондугу тууралуу маалымат чындыка дал келбестигин билдирет. Муну менен Мамлекеттик комитеттин жетекчилигине жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жалган маалыматтарды таратуу менен коомчулука жаман көрсөтүү максатында атайлап каралоо иштери жүрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек», — дейт УКМК.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК сейфинен 200 миң доллар уурдалганы кабарланган. Ал акчаны коопсуздук кызматынын кызматкери казиного уттуруп койгондугу дагы айтылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18