24.kg
10:56, 20 ноября 2019, 24.kg

«Жүрөгүм эзилет». Талашка түштөн ырды Амир Аскаров өзү аткара баштады

Талашка түштөн «Жүрөгүм эзилет» ырын Амир Аскаров өзү аткара баштады. Бул боюнча видеону ал инстаграм баракчасына жүктөгөн.

Эскерте кетсек, ырды алгач Чолпон Талипбек менен Амир Аскаров чогуу аткарышкан. Бирок, дуэт жазылганы менен эл алдына чогуу чыкпай калышты. Амир Аскаровдун айтымында, ыр жана клип даяр болгондон кийин алгач анын youtube каналына жайгаштырылышы керек болчу. Чолпон Талипбек өз каналына жарыялап, иш-чараларда жалгыз ырдай баштаган. Ырдын автору катары Амир Аскаров «Жүрөгүм эзилетти» аткарууга тыюу салган.

Чолпон Талипбек 16-ноябрдан баштап, ырды ырдабай, аны аткаруусундагы версиясы баардык радиолордон жана сайттардан алынганын жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18