24.kg
09:12, 20 ноября 2019, 24.kg

«Иска строй» курулуш фирмасынын директору 7 жылга колонияга кесилди

«Иска строй» курулуш фирмасынын директору Нарынбек Сариев 7 жылга колонияга кесилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарынбек Сариев «Алдамчылык» жана «Аткезчилик» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Чечимди Ленин райондук соту кабыл алган, бирок тараптардын бири өкүмдү жогору инстанцияга даттанган.

Эске салсак, курулуш компаниясынын директоруна карата алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон. Анын үстүнөн арыз жазып турак жайды сатып алгандар кайрылышкан. Алар курулуп жаткан үйгө акча беришкен, айрымдары 50 миң доллар төлөгөнү менен газ, жарык жана суусу жок батир алып калышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18