24.kg
08:41, 20 ноября 2019, 24.kg

Алмазбек Атамбаевге жакындары менен жолугушууга уруксат бербей жатышат

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге жакындары менен жолугушууга уруксат бербей жатышат. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев соцтармакка жазды.

Анын айтымында, акыркы жолу мурунку президент уулу жана жубайы менен 17-октябрда жолуккан. Бирок, 18-ноябрда Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов негизсиз эле мурунку президенттин үй-бүлөсүнүн арызын четке какты. 

««Камакта кармоонун тартиби жана шарттары» Мыйзамына ылайык, судьянын жазуу түрүндөгү уруксатынын негизинде шектүүгө туугандары менен ай сайын (үч сааттан) экиден кем эмес жолугушуу берилиши керек. Эң башкысы- бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү менен жолугуусуна уруксат берүүдөн баш тартууга бир дагы негиз жок», — деп жазган жактоочу.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18