24.kg
08:36, 20 ноября 2019, 24.kg

Футболдук мелдешт. Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары тең чыкты

Кечээ Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болгон Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча курама командаларынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өткөн беттеште алгачкы голду тажик футболчусу Жахонгир Эргашев 16-мүнөттө киргизди. 83-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Тамирлан Козубаев эсепти теңеди. 

Photo 144386

Тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга 0:1 эсебинде жеңилген эле.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат.

Өткөн аптада Тажикстандын командасы Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилсе, ушул эле күнү Кыргызстан Жапонияга 2:0 эсебинде утулган.

Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беш оюндан кийин F тайпасында жетиден упай топтоп, тайпадагы 2-орун үчүн дагы да болсо ат салышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Бүгүн Мьянма менен Монголия командалары Мьянманын Мандалай шаарында беттешип, талаа ээлери 1:0 эсебинде жеңишке жетти.

Учурда бул тайпада Жапониянын курама командасы төрт оюндан кийин 12 упай менен жадыбалдын сап башында бара жатат. Ал эми калган командалар ушул күнгө чейин бештен оюн ойношту. Эсебинде жетиден упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Мьянмада алты упай, Монголияда үч упай бар.

2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

5-сентябрда башталган тандоо оюндарынын 2-баскычы 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат. Кыргызстан кийинки оюнун 2020-жылдын 31-мартында Мьянмада конокто өткөрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18