24.kg
15:56, 19 ноября 2019, 24.kg

Асылбек Дамирбек уулу Кыргызстанга алынып келинди

Алматы соту тарабынан аткезчилик үчүн соттолгон мурунку депутат Асылбек Дамирбек уулу Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Казакстанда камакка алынган 3 кыргызстандык (арасында депутат бар) эл аралык келишимге ылайык мындан ары Кыргызстанда жазасын өтөшөт.

Эске салсак, буга чейин Алматынын аппелляциялык соту Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин карап чыгып, өкүмдү күчүндө калтырган. Ал «трансулуттук уюшкан топту түзүү жана башкаруу» жана «экономикалык аткезчилик» боюнча айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучулардын аракетинин жыйынтыгында Казакстандын мамлекеттик казынасы 99 миллион тенге чогулта албай калган.

Кошумчалай кетсек, Дамирбек Асылбек уулу менен бирге Казакстандын дагы 2 жараны- 39 жаштагы Уланбек Мурадилов жана 34 жаштагы Чыңгыз Абакиров айыпталууда. Сот аларды кылмыштуу топко катыштыгы бар деп күнөөлөгөн.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18