24.kg
15:39, 19 ноября 2019, 24.kg

«Кыргызкөмүрдүн» директору ага кол салуунун себептерин айтты

«Кыргызкөмүр» ишканасынын директору Канатбек Аширбаевди 30-октябрда катуу сабап кетишкен. Аширбаев муну кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Бул тууралуу директор маалымат жыйынында 24.kg агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Айтымында, ага кол салуу болгондон кийин дароо Октябрь РИИБга арыз менен кайрылган. «Укук коргоо органдары учурда иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат, бирок иликтөөнүн кайсыл стадиясына жетти, кабарым жок», — деди Канатбек Аширбаев.

Ал жеке душмандары жоктугун, кол салуу анын кесибине байланышы бар болушу мүмкүндүгүн белгиледи. «Бул кол салуунун менин жеке ишмердүүлүгүмө байланышы жок болушу ыктымал, балким Кара-Кечеде иштеп жаткандарга байланыштуу. Учурда ал жакта видео камералар орнотулууда, анда уурдагандар азаймакчы. Бул көмүр алып иштегендерге жакпашы мүмкүн. Дооматтар айтылганы менен коркутуулар болгон эмес», -деди ал.

Эске салсак, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевди сабап кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18