24.kg
10:22, 19 ноября 2019, 24.kg

Өлкөдөгү дотациялык райондордун санын азайтышат

Кыргызстанда жергиликтүү бюджеттин дарамети жогорулайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда айтты. 

«Биринчиден, региондорду өнүктүрүү — орто мөөнөттүү мезгилдеги эң башкы максатыбыз бойдон калат. Бул багыт боюнча келечекте аткара турган милдеттерибизге төмөнкүлөр кирет. Туруктуу жумуш орундарын түзүү үчүн региондук долбоорлорду колдоо максатында финансы институттарынын жана фонддордун иши күчөтүлөт. Бюджеттер аралык мамилени реформалайбыз, биринчи кезекте, жергиликтүү бюджеттин дараметин жогорулатып, дотациялык аймактарды азайтууга басым жасалат», — деди президент.

Айтымында, 20 таяныч шаарларды даректүү колдоо менен, бул шаарларда индустриалдык парктарды жана өнөр жай кластерлерин түзүү — маанилүү багыт болот.

«Келечекте туруктуу иштеп кете турган долбоорлорду жер-жерлерде ишке ашырууга түрткү беребиз. Ар бир регионду адистештирүү аркылуу анын ички жана тышкы рыноктогу атаандаштыкка жөндөмүн күчөтөбүз. Сиздер билгендей, региондорду өнүктүрүү, инфраструктураны оңдоо, аймактардагы ишкерлерди колдоо, социалдык объектилерди куруу, жолдорду оңдоо иштерине ички резервдерди толук пайдаланып жатабыз», — деди мамлекет башчы.

Ал Кыргыз-Орус фондусу, Айыл банк, РСК банк, мурда элетке дээрлик көңүл бурбай келсе, азыр алардын каражатынын 80 пайызы элетке бурулганын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18