24.kg
16:43, 18 ноября 2019, 24.kg

Футболдук беттеш. Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат

Эртең Бишкекте футболдук беттешке карата айрым көчөлөрдө унаа кыймылы чектелет. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, эртең Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча курама командалары беттешет. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00до башталат.

Кечки саат 17:00дөн баштап Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын улуттук курама командасы Жапондуктардан утулуп калды. Оюндун биринчи бөлүгүнүн 41-мүнөтүндө жана экинчи бөлүктүн 53-мүнөтүндө атаандаштар дарбазага топту киргизишип, эсеп 2:0 болду.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18