24.kg
15:14, 18 ноября 2019, 24.kg

Ошто унаа жуучу жайда 11-класстын окуучусу каза болду

Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы унаа жуучу жайда 11-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон бала Ноокат районундагы Кеңеш айылында жашачу. Ал Ош шаарындагы унаа жуучу жайда иштеп жүргөн.

«Күбөлөрдүн айтымында, окуучу иштеп жатып өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп жыгылган. Ал ошол замат каза болду. Анын ата-энесинин айтымында, бала биринчи чейректен кийинки эс алуу күндөрү акча табам деп Ошто иштеп жүргөн. Алар баласынын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18