24.kg
11:13, 18 ноября 2019, 24.kg

Кафедеги жарылуу. 4 жабырлануучу дарылануусун улантууда

Бишкекте «Антошка» кафесиндеги жарылуудан кийин жаракат алган 4 жабырлануучу Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бейтаптар күйүк бөлүмүндө жатышат. Алардын абалы туруктуу.

Эске салсак, 8-ноябрда Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болгон. Анда 13 адам ар кандай жаракат алып, кафенин бир кызматкери каза болду.

Мэрия кафедеги жарылуудан кийин тез тамактануучу жайлардын баарын текшерип чыгууну чечти. Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев 18-ноябрга чейин мектеп, бала бакча, социалдык мекемелер, тез тамактануучу жайларда өрткө каршы чараларды күчөтүү боюнча план-программаны даярдоо тапшырмасын берген. Ал борбор калаадагы өрткө каршы иш-чаралар үчүн шаардык бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнгөнүн кошумчалаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18