24.kg
10:03, 18 ноября 2019, 24.kg

Канат Сагымбаевдин иши боюнча 16 экспертиза дайындалды

УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаевдин иши боюнча 16 экспертиза дайындалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, баллистикалык экспертиза дагы жүргүзүлүүдө. Эксперттер «Альфанын» командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго кайсыл куралдан ок атылганын аныкташа элек. 

Юристтин билдирүүсүндө, айыпталуучунун иши боюнча тергөөнү дагы 2 айга узартышы мүмкүн. Канат Сагымбаев тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бербей, жүздөштүрүлгөн маалда унчукпай жатат.

Буга чейин Канат Сагымбаев КСДП саясий уюмунун мүчөсү Алга Кылычев менен беттештирүүдөн баш тарткан.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18