24.kg
17:53, 15 ноября 2019, 24.kg

Азимбек Бекназаров 24-ноябрда элди аянтка алып чыгуудан баш тартты

24-ноябрга белгиленген Бишкек шаарынын Эски аянттындагы элдик талкуу болбой калды. Бул тууралуу 24.kg агентигине Элдик курултайдын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери референдум боюнча мыйзам долбоорун кароого алгандыктан жыйын өткөрүүнүн зарылчылдыгы жоголду.

«Депутаттар референдум боюнча мыйзам долбоорун кароого алышыптыр. Биз парламент менен конструктивдүү диалогду улантабыз», — дейт курултайчылар.

Эскерте кетсек, Элдик курултай конституцияга өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштайт. Бул боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал 10 миң шайлоочунун колу менен Жогорку Кеңешке киргизилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18