24.kg
15:48, 15 ноября 2019, 24.kg

Казакстанда автобус кырсыктап 8 киши жабыркады. Арасында кыргызстандыктар бар

Казакстандагы Караганда облусунда эл ташыган автобус кырсыкка учурап, кыргызстандыктар жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМК жазды.

Кырсык 11-ноябрда Акторгай районунда катталган.

Маалыматка караганда, Алматы тарапка бет алган автобусту Кыргызстандын 38 жаштагы жараны башкарып бара жаткан. Салондо 15 киши болгону айтылууда.

Алдын ала билдирүүгө ылайык, жолдун тайгактыгынан айдоочу рулду башкара албай калып Volvo үлгүсүндөгү унаанын чиркегичин сүзүп алган. Кесепетинен 8 киши жабыркады. Алардын экөө кыргызстандык экени, учурда алар ооруканада жатышканы маалым болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18