24.kg
11:55, 15 ноября 2019, 24.kg

Капиталды мыйзамдаштыруу. Аткаминерлер өз байлыгын көрсөтүүдөн коркпошу керек

Кыргызстанда капиталды мыйзамдаштырууга өткөрүү керек. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда депутат Таабалды Тиллаев айтып чыкты.

Анын билдирүүсүндө, капиталга мунапыс берүү- экономиканын ачык-айкындыгын камсыздоого жардам берет. «Биз Түркияны өрнөк катары карап кетсек болот. Алар көмүскөдөгү капиталдан 20 миллиард доллар алып чыгышты. Ушундай эле ишти коңшу Казакстан дагы жасады», — деди депутат.

Ал чуулгандуу коррупциялык соттук иштерден кийин аткаминерлер өз байлыктарын мыйзамдаштырууга кызыкдар болушу керек деди.

Эл өз мүлкүн ачык көрсөткөндөн коркпошу керек. Учурда соттук териштирүүдөн кийин көптөгөн биздин миллиардер жана миллионерлердин байлыктары туугандарында калып калууда.

Таабалды Тиллаев

«Арабызда байлыгын көрсөткөндөн корккондор бар, кээси акчаларын чет жакта катып жүрөт. Коркпой өздөрүнө каттата берсин», — деди ал.

Экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, капиталды мыйзамдаштыруу боюнча мыйзамдолбоору даяр. Жакында ал парламенттин кароосуна жиберилет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18