24.kg
10:54, 15 ноября 2019, 24.kg

Батукаевдин иши. Алмазбек Атамбаев процесске катышуудан баш тартты

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Отурум жабык өтүүдө. 

Жактоочу Сергей Слесаревдун айтымында, мурунку президент Алмазбек Атамбаев процесске катышуудан баш тартты. Ал эми ансыз ишти кароо- мыйзамга дал келбейт. «Атамбаевсиз сотту өткөрүү мүмкүн эмес. Аны мажбурлап алып келүү орунсуз нерсе», — деди Сергей Слесарев. Ал мурунку президентке бир гана эпизод боюнча айып тагылганын кошумчалады. Калган 14 эпизод боюнча шектенүү тууралуу билдирме берилген.

Белгилей кетсек, отурумга мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева, дарыгер-онколог Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова да келди.

Иш боюнча 19 киши айыпталууда, алардын арасында Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18